• Башкы бет
  • 2023-жылы Соцфонддун кирешелери 93 млрд.сом болору айтылды
10:59, 2022-ж., 29-ноябрь

2023-жылы Соцфонддун кирешелери 93 млрд.сом болору айтылды

2023-жылы Соцфонддун кирешелери 93 млрд.сом болору айтылды

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев тармактык комитеттин жыйынында 2023-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 93 млрд 229 млн сом суммасында түзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле ал 2024-2025-жылдарга 98 млрд 453 млн сом жана 104 млрд 107 млн сом караларын айтты.

«2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 51 млрд 485 млн сом суммасында пландалды. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 41 млрд 356 млн сом суммасында каралган. 2023-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 87 млрд 507 млн сом, 2024-2025-жылдарга 92 млрд 629 млн сом жана 99 млрд 177 млн сом суммасында пландалууда», – деди Алиев.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев белгилегендей, республика боюнча 735 миң пенсионерлер катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Соцфонд

Комментарийлер

live comments feed...