• Башкы бет
  • Ошто жасалма акча жасаган жаран аныкталды
10:51, 2022-ж., 29-ноябрь

Ошто жасалма акча жасаган жаран аныкталды

Ошто жасалма акча жасаган жаран аныкталды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусундагы кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты.

Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде ушул жылдын 25-октябрында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн А.З. аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.З. аттуу жаран акчанын жасалма экендигин билген эместиги, ага ошол даректен акча алып кетүү айтылгандыгы, ал үчүн кызмат акы төлөп бериле тургандыгын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...