• Башкы бет
  • Баткенде оюн-зоок иш-чараларга чектөө киргизилди
10:47, 2022-ж., 29-ноябрь

Баткенде оюн-зоок иш-чараларга чектөө киргизилди

Баткенде оюн-зоок иш-чараларга чектөө киргизилди

Баткенде облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө 2023-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Чектөөлөр 14-16-17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салган окуяга байланыштуу кабыл алынган.

«Шейит кеткен жарандардын, 200гө жакын жарадар болгон жарандарыбыздын жана үй жайсыз калгандардын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынды», — деп айтылат маалыматта.

Баткен шаардык мэриясы киргизилген чектөөлөргө ылайык, шаар тургундарына түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берет.

Чектөөлөр киргизилген майрамдар:

«Балаты — 2022» майрамы;

«Нооруз — 2023» майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин)

Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштурууга;

8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;

Акыркы коңгуроо салтанаттары;

1-июнь балдардын эл аралык күнү;

9-май Улуу Жеңиш майрамы;

31-август Эгемендүүлүк күнү;

«Балаты- 2023» майрамы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Баткен #оюн-зоок

Комментарийлер

live comments feed...