• Башкы бет
  • Өлкөдө энергетикалык тармакка 15 млрд.сомдон ашык акча жумшоо каралууда
11:31, 2022-ж., 28-ноябрь

Өлкөдө энергетикалык тармакка 15 млрд.сомдон ашык акча жумшоо каралууда

Өлкөдө энергетикалык тармакка 15 млрд.сомдон ашык акча жумшоо каралууда

Быйыл 10 айда Кыргызстанда энергетика жана энергетикалык коопсуздукка 12,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул былтыркы жылдык чыгашалардын көлөмүнөн 6,2 млрд сомго көп. Өткөн жылы бул багытка 6,4 млрд сом жумшалган. Ал эми быйыл бул тармакка 15,6 млрд сомдон бир аз ашыгыраак сумманы жумшоо каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги чыгымдар өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртууга багытталып, бюджеттен 10,8 млрд сом бөлүнө тургандыгын парламенттеги жыйында билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Энергетика

Комментарийлер

live comments feed...