• Башкы бет
  • Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен чектешкен аймактарында жер титиреди
11:26, 2022-ж., 28-ноябрь

Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен чектешкен аймактарында жер титиреди

Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен чектешкен аймактарында жер титиреди

28-ноябрга карата түнү саат 01:58де Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилген.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Мындан тышкары, саат 02:34тө Казакстан мененчектеш аймакта очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Жер титирөө

Комментарийлер

live comments feed...