• Башкы бет
  • Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок,-УКМК
11:17, 2022-ж., 28-ноябрь

Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок,-УКМК

Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок,-УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековдун кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. 

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабдановдун маалыматы боюнча, Айдарбеков эч кандай суракка алынган жок. Депутат учурда Казакстандын аймагында.

Айдарбековдун өзү менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек.

27-ноябрга карган түнү Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева УКМК депутат Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин социалдык тармактардагы баракчасына жазган. Өтүп бара жатканда Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салуу бар экени билинген. Сурабалдиева депутаттар чогулган соң Жамгырчиевди кое беришкенин белгилеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##УКМК #Чыңгыз Айдарбеков

Комментарийлер

live comments feed...