• Башкы бет
  • "Кыргыз жылуулукэнерго" ишканасынын Кара-Кол шаардык бөлүмүнүн директору кармалды
16:35, 2022-ж., 26-ноябрь

"Кыргыз жылуулукэнерго" ишканасынын Кара-Кол шаардык бөлүмүнүн директору кармалды

"Кыргыз жылуулукэнерго" ишканасынын Кара-Кол шаардык бөлүмүнүн директору кармалды

"Кыргыз жылуулукэнерго" ишканасынын Каракол шаардык бөлүмүнүн директору пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК ушул жылдын 31-октябрында «Каракол жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын 2018-2021-жылдагы каржылык-чарбалык иштерин текшерген. Андан кийин мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү фактыларына байланыштуу 16-ноябрында кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, эки жолку текшерүүнүн негизинде бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталган.

Иштин жүрүшүндө ишкананын директору Абай Орозалиев текшерүүнү токтотуу үчүн УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерине видео-аудио кайрылуу жасаган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (ири өлчөмдө пара берүү) менен кылмыш козголуп, Абай Орозалиев 5 миң доллар пара берип жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##УКМК

Комментарийлер

live comments feed...