• Башкы бет
  • Президент Кемпир-Абад маселесине каршы чыккандарды сындады
16:26, 2022-ж., 26-ноябрь

Президент Кемпир-Абад маселесине каршы чыккандарды сындады

Президент Кемпир-Абад маселесине каршы чыккандарды сындады

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кыргыз-өзбек келишимине каршы чыккандарды «өз кызыкчылыгын көздөгөн» деп сынга алды. Мындай пикирин ал 25-ноябрда Бишкекте өткөн элдик курултайда билдирди.

Өлкө башчы аны чек аранын Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын көрө алган жарандардын көп экени кубандырганын белгиледи.

«Ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын жергиликтүү элге, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге да ийне жибине чейин чечмелеп, түшүндүрүп бердик. Бул көйгөйдүн бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимин ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоого ниеттенгендердин аракети ишке ашкан жок. Мени чек аранын биздин пайдага чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттту жарандарыбыз көп экени кубандырды. «Чубактын кунундай чубалжытпай» дагы канча кагылыштарга себеп кылбай чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Кемпир-Абад #Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...