• Башкы бет
  • Абитуриенттерди тестирлөөгө кышкы кабыл алуу үчүн кошумча каттоо болот
12:04, 2022-ж., 25-ноябрь

Абитуриенттерди тестирлөөгө кышкы кабыл алуу үчүн кошумча каттоо болот

Абитуриенттерди тестирлөөгө кышкы кабыл алуу үчүн кошумча каттоо болот

Бүгүн, 25-ноябрда саат 13:00дөн 17:00гө чейин абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөгө кышкы кабыл алуу үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өтөт.

Тестирлөө борборлору:

-Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;

-Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;

-Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейи.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана 2022-2023-жылдагы окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Анын ичинен17 мамлекеттик, 32 мамлекеттик эмес.

Кышкы кабыл алуу жүргүзө турган ЖОЖдордун тизмеси https://edu.gov.kg/media/uploads/2022/10/19/2022-2023-181022_obLxyt5.pdf

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##ЖРТ

Комментарийлер

live comments feed...