• Башкы бет
  • Бүгүн биринчи Элдик курултай башталды
11:59, 2022-ж., 25-ноябрь

Бүгүн биринчи Элдик курултай башталды

Бүгүн биринчи Элдик курултай башталды

Бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштады. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Биринчи Элдик курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүүдө.

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 16-августтунда «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Элдик курултай

Комментарийлер

live comments feed...