• Башкы бет
  • Баткенге АКШдан гуманитардык жардам келди
11:38, 2022-ж., 25-ноябрь

Баткенге АКШдан гуманитардык жардам келди

Баткенге АКШдан гуманитардык жардам келди

Америка Кошмо Штаттарынан Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандарга колдоо көрсөтүү иш-аракеттеринин алкагында гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын негизинде алынып келинген.

«Жүк ташуучу рейске керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул буюмдарды Баткен облусундагы чек арадагы коогалаңдан жабыркаган кыргызстандыктардын гуманитардык муктаждыктарын колдоо үчүн маанилүү деп тапты. Жардамды аталган министрлик бөлүштүрөт. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдардын, анын ичинде балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген 8 миллион сомго (100 000 доллар) жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат. Алар Кыргызстандагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##АКШ #Баткен #Чек ара

Комментарийлер

live comments feed...