• Башкы бет
  • Ош: прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
11:52, 2022-ж., 23-ноябрь

Ош: прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош: прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

22-ноябрь күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында прокуратура кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов куттуктап, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууга, укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоого, коррупция менен күрөшүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы коомдо мыйзамдуулуктун сакталышына кепилдик берип, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон эң маанилүү инструмент болуп саналат. Прокуратуранын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, сиздерге ден соолук жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, - деди мэр.

Ошондой эле, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы А.Мамасейитов, бир катар укук коргоо органдарынын, мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты. Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык прокуратуранын материалдык базасын чыңдоого 150 миң сом бөлүнгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Прокуратура

Комментарийлер

live comments feed...