• Башкы бет
  • Баткен шаарына 6 автобус алынып келди
11:41, 2022-ж., 23-ноябрь

Баткен шаарына 6 автобус алынып келди

Баткен шаарына 6 автобус алынып келди

Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус алынды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбук баракчасына жарыялады.

Автобустар Айыл банк тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган жана шаар калкын тейлөөгө чыгат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргендей, Дүйнөлүк банк тарабынан Баткен облусуна 50 млн доллар каражаты бөлүнгөн. Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү каралган.

Анын ичинде Баткен шаарындагы «Манас» комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк дагы оңдолот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Баткен #Автобустар

Комментарийлер

live comments feed...