11:37, 2022-ж., 23-ноябрь

Президент Арменияга учуп кетти

Президент Арменияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Армениянын Ереван шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Жолугушууда уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдер бар.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларусиянын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Армения #ЖККУ #Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...