• Башкы бет
  • Касым-Жоомарт Токаев 82% добуш менен жеңди. Талдоочулар эмне дейт?
11:19, -ж., 22-ноябрь

Касым-Жоомарт Токаев 82% добуш менен жеңди. Талдоочулар эмне дейт?

Касым-Жоомарт Токаев 82% добуш менен жеңди. Талдоочулар эмне дейт?

20-ноябрда өткөн Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев 82% добуш менен утуп чыкты. Серепчилер бул күтүлгөн жыйынтык болгонун айтышат. Токаевдин атаандаштары саясатта анчейин байкалбаган жүздөр жана шайлоого эки ай калганда катталышкан.

Талдоочулар Токаев чыныгы атаандаштары чыга электе же өлкөдө нааразылык күчөй электе жеңишин камсыз кылуу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрдү деп эсептешет.

Казакстанда 20-ноябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоого жалпы алты талапкер ат салышып, алардын бешөөсүн көпчүлүк шайлоо өнөктүгүндө гана тааныганын айтып жатышат. Алар шайлоого эки ай калганда гана талапкер катары каттоодон өтүшкөн.

Өлкөнүн учурдагы президенти Касым Жомарт Токаевден сырткары беш талапкердин экөөсү аял кишилер; бири Астана Маслихатынын депутаты Каракат Абден болсо, экинчиси укук коргоочу Салтанат Турсынбекова болду. Абден 2,84%, Турсынбекова 2,24% добушка ээ болушкан.

Алардан сырткары, “Айыл” партиясынан көрсөтүлгөн Жигули Дайрабев 3,68%, экономист Мейрам Кажыкен 2,62%, демократтар партиясынын талапкери Нурлан Ауесбаев 2,38% добуш алып, баарына каршылар 4,22%ды түзгөн.

12 миллионго жакын шайлоочунун 8,3 миллиону, же 69,43%ы катышканы кабарланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Касым-Жоомарт Токаев #Шайлоо

Комментарийлер

live comments feed...