• Башкы бет
  • Айрым мамлекеттик кызматтар саясий кызматка которулду
10:56, -ж., 22-ноябрь

Айрым мамлекеттик кызматтар саясий кызматка которулду

Айрым мамлекеттик кызматтар саясий кызматка которулду

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулганы жазылган.

Буларга төмөнкү кызматтар кирет: 

Министрдин орун басары;

Мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары;

Президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында);

Министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары;

Аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Садыр Жапаров #Мамлекеттик кызмат

Комментарийлер

live comments feed...