
18:10, 2022-ж., 21-ноябрь
Канат Исаев камакта калтырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 21-ноябрдагы токтомуна ылайык, Канат Исаевдин абактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды.
Саясатчы Канат Исаев 23-октябрда бир айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдаган.
Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн. 2017-жылы Исаев «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер