• Башкы бет
  • Депутат мугалимдердин маянасы азайгандыгын айтты
18:05, -ж., 21-ноябрь

Депутат мугалимдердин маянасы азайгандыгын айтты

Депутат мугалимдердин маянасы азайгандыгын айтты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешов мектеп мугалимдери сентябрдан тартып аз айлык алып жатканын айтып чыкты.

«2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Мага кайрылган мугалимдерди маалыматы боюнча, мисалы мурда алар 21 миң айлык алып жүрсө, апрель-май айларында 36-37 миң сомдон ала баштаптыр. Албетте, мугалимдер буга кубанышты. Эмгек өргүүсү үчүн дагы жакшы акча алышыптыр. Бирок сентябрь айында ошол 36 миң сомдон алган мугалимдерге 24 миң сом эле айлык чегерилген. Октябрда да ушундай эле маяна чыккан. Мен алар менен жолукканда «Бизге эч ким маалымат же түшүндүрмө берген жок. Биз ипотекага үй алып алган элек» дешти».

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын сөзүнө караганда, бул жагдай мугалимдердин сааты кайра эспетелип чыкканына байланыштуу болгон.

«Биз апрель айында маяналарды көтөргөндө такыр башка система болчу. Анда жумасына 20 саат деп эсепелген. Тилекке каршы, айлык аз болгондуктан мугалим болуп иштегиси келгендер аз болчу да. Ошондуктан айрым мугалимдер жумасына 39-40 саатка чейин сабак өтчү. Албетте, бул сабактын сапатына да таасир этчү. Азыр болсо эң жогорку чек деп 27 саатты — 1,5 ставканы гана белгиледик. Бул деле өтө кыйын. Анткени мугалим даярданышы керек, окуучулардын дептерлерин текшерет», -дейт Жусупбекова.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...