• Башкы бет
  • Футбол-2022: быйылкы дүйнөлүк чемпионат алгачкы ирет күз-кыш мезгилинде өтүп жатат
17:59, 2022-ж., 21-ноябрь

Футбол-2022: быйылкы дүйнөлүк чемпионат алгачкы ирет күз-кыш мезгилинде өтүп жатат

Футбол-2022: быйылкы дүйнөлүк чемпионат алгачкы ирет күз-кыш мезгилинде өтүп жатат

2022-жылкы дүйнөлүк чемпионат учурда Катардагы «Аль- Байт» стадионунда старт алды. Мелдеш 20-ноябрдан 18-декабрга чейин уланат. Турнир башка чемпионаттардан биринчи жолу жакынкы Чыгышта, күз-кыш мезгилинде өткөрүлүп жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле биринчи жолу мусулмандардын басымдуу бөлүгү жайгашкан араб өлкөсүндө уюштурулду. 

Катар 88 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка катышат. Анткени, өлкө уюштуруучу тарап катары автоматтык түрдө турнирге жолдомо алды.

Жалпысынан футбол тарыхында биринчи жолу эң көп суммадагы каражат жумшалды. Ал орто эсеп менен алганда 208 млрд евро.

Мелдештин чемпион командасы 42 млн доллар алат. Экинчи орунга 30 млн доллар, үчүнчү орунга 27 млн доллар, төртүнчү орунга 25 млн доллар коюлган. 

Сыйлыктардын жалпы суммасы 1 миллиард долларга жакын жана бул абсолюттук рекорддук көрсөткүч болуп эсептелинет.

Турнирде жалпысынан 32 курама команда катышууда. Анын учурдагы жеңүүчүсү Франция курама командасы. Дүйнөлүк чемпионатты эң көп беш жолу Бразилия курама командасы уткан. Финалдык беттеш 2022-жылдын 18-декабрында Лусаил шаарында 80 000 көрүүчүгө ылайыкталган улуттук стадионундо жыйынтыкталат.

Дүйнөлүк чемпионат мындан 92 жыл мурун негизделген. Дүйнөлүк чемпионаттын турнирлери башка олимпиада оюндары сыяктуу 4 жылда бир өткөрүлөт. Акыркы жолу бул мелдеш 2018-жылы Орусияда 14-июнда башталып, 15-июлга чейин өткөрүлгөн. Алдыда, 2026-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу үч өлкөдө Канада, Мексика жана АКШда орун алмакчы. Анда 48 курама команда ат салышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...