• Башкы бет
  • Кыргызстанга импорттолгон автоунаалардын саны 3 эсеге өстү
18:17, -ж., 19-ноябрь

Кыргызстанга импорттолгон автоунаалардын саны 3 эсеге өстү

Кыргызстанга импорттолгон автоунаалардын саны 3 эсеге өстү

Кыргызстанга 2022-жылдын январынан тарта сентябрына чейин импорттолгон жеңил автоунаалардын саны 3 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 айдын ичинде жалпы 25,3 миң даана автоунаа алынып келген. Анын жалпы суммасы 271,5 миллион долларга жетип, ар бир автоунаа орточо 11 миң долларга бааланган.

Негизинен автоунаалар Грузия, Орусия, Түштүк Корея, Америка жана Япония, Литвадан жеткирилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Улуттук статистика комитети #Импорт унаалар

Комментарийлер

live comments feed...