14:08
-ж., 29-февраль
17-ноябрда Ош шаарында курулушу аяктаган жабык теннис корту пайдаланууга берилди. Анын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бул теннис кортунун ачылышы менен калаадагы жаш теннисчилерге жыл бою машыгууга шарт жаралып, Ош шаарында теннистин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле облустук жана эл аралык деңгээлдеги турнирлерди уюштурууга болоорун кошумчалады.
Мында балдарга жыл бою теннис жана стол тенниси үйрөтүлөт.
Бул иш спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чаралардын алкагында жүзөгө ашты.
Комментарийлер