• Башкы бет
  • Ошто алгачкы жолу шахмат залы ачылды
16:05, 2022-ж., 18-ноябрь

Ошто алгачкы жолу шахмат залы ачылды

Ошто алгачкы жолу шахмат залы ачылды

Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. 

Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да ыраазычылык айтылды. 

Шахмат залы 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык тиешелүү шарттар, ажаткана, кондиционер бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Ош шаары #Шахмат залы

Комментарийлер

live comments feed...