15:51, 2022-ж., 18-ноябрь

Камчы Көлбаев кармалды

Камчы Көлбаев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 16-ноябрда «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган.

«Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган К. Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Камчы Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Камчы Көлбаев # УКМК

Комментарийлер

live comments feed...