• Башкы бет
  • Декабрга чейин Оштон Жалал-Абадга кыска жол ачылат
14:24, -ж., 17-ноябрь

Декабрга чейин Оштон Жалал-Абадга кыска жол ачылат

Декабрга чейин Оштон Жалал-Абадга кыска жол ачылат

1-декабрга чейин Ош-Жалал-Абад жолу «Ынтымак» «Бекабад» посту аркылуу ачылат. Учурда иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Аталган жол боюнча суроону парламенттин жыйынында депутат Азамат Исраилов узаткан.

«Азыркы күндө Оштон Жалал-Абадка 1 жарым саат убакыт кетип жатат. Мурун болсо Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнөн Сузак районунан Бекабад жакка түз каттамдар болчу. Эл аралык келишимдерде түзүлүп калса, ошол жолду ачып же транзиттик жол ачсак деп сиздин оюңузду билейин дегем», — деди депутат.

Камчыбек Ташиев, «Азыр каттуу иштер жүрүп жатат. Жаңы жылга чейин ачылат», — деп жооп берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...