
14:18, 2022-ж., 17-ноябрь
С. Жапаров: Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу аймак статус-кво берилүүдө

Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу аймак статус-кво берилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-ноябрдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровго юстиция министри боюнча жооп кайтарып жатып айтты.
Анын алкагында, өлкө башчы Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады.
«Сабаттуулар берип койгон жерди, сабатсыздар кайра кайтарып жатабыз. Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) проткол боюнча “ал мыйзамсыз” деп жатасыз. Бирок тигил тарап антпейт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөтүштү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу барып, сүйлөшүп келди. Биз эми ал аймакты кайра кайтарып статус-кво бердирип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетишпесе эле. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухга түз кетет. Ортодо бир нече жер нейтралдуу жер болот», — деди президент.
Жогорку Кеңеш ушул тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер