• Башкы бет
  • "Алай" клубу күмүш медаль менен сыйланды
15:20, 2022-ж., 16-ноябрь

"Алай" клубу күмүш медаль менен сыйланды

"Алай" клубу күмүш медаль менен сыйланды

15-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 27-турунун акыркы оюну болуп, анда “Алай” футболдук клубу “Каганат” командасын кабыл алды.

Беттеште командалар эсеп ача алышпаса да, “Алай” ФК буга чейинки беттеште борбор калаанын “Алга” командасын жеңип, турнирдик таблицада 2-орунду камсыздады.

Сыйлык тапшыруу аземине “Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын президенти Канат Асенов катышып, оюнчуларга медалдарды тапшырып, АФКнын тайпалык баскычына чыгышы менен куттукташты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...