• Башкы бет
  • Өзбек премьер-министри кыргыз-өзбек чек арасы боюнча cоңку макулдашуулар тууралуу айтты
14:02, -ж., 15-ноябрь

Өзбек премьер-министри кыргыз-өзбек чек арасы боюнча cоңку макулдашуулар тууралуу айтты

Өзбек премьер-министри кыргыз-өзбек чек арасы боюнча cоңку макулдашуулар тууралуу айтты

14-ноябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку жетишилген макулдашуулар тууралуу өзбек парламентинде түшүндүрмө берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди, деп жазды "Азаттык" радиосу.

Бул күнү Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

Өзбекстандын премьер-министри сөзүнө караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 35 тилке - жалпы 302 чакырым чек ара боюнча акыркы макулдашуулар жетишилди. Бул эки тараптын 5 жылдан ашуун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

"Суу сактагычтын сыйымдуулугу 1 миллиард 576 милион куб метрди, ээлеген жери 4957 гектар жерди түзөт. Биз ушул суу сактагыч ээлеген аянттын ордуна Анжиян облусуна караштуу Кургантепе районундагы Ошахор тилкесинен 1 миң 19 гектар жайытты сунуштап жатабыз. Маалымат үчүн 4127 гектар жер тилкесин суу сактагыч үчүн Өзбекстандан компенсация катары берилген. Суу сактагычты тейлөө үчүн Кыргызстандан 19 миң гектар жер өткөрүлүп берилип жатат. Кыргызстан менен кошуналык мамилени сактап калыш үчүн суу сактагычты айрым максатта пайдаланууга уруксат берилет. Кыргызстандын талабы суу сактагычтын чегин 906 метрден 900 метрге чейин түшүрүү болуп жатат. Биз бул маселеде келиштик. Ошондо 1 миллиард 578 миллион чарчы метр суу көлөмү калат", - деди Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов.

Ал СССР убагында, суу сактагыч курулган кезде Өзбекстан 200 чакырымдык канал куруу милдетин алганын, бирок түрдүү себептерден улам ал аткарылбай калганын айтты:

"Ушундан улам Кыргызстан Бүргөндү массивинде 8 миң гектардан 18 миң гектарга чейинки жерди өздөштүрө алган эмес. Эгер биз суу сактагычтан Кыргызстандын Баткен облусуна чейин бул каналды куруп берчү болсок, көпкө түшөбүз. Бюджеттен олчойгон каражат кетет, мындан тышкары Анжиян менен Ферганадагы 20дан ашуун айылдын элин көчүрүүгө мажбур болмокпуз. Эң башкысы - биз 2 миң гектардан ашуун суулуу жерлерибизден айрылмакпыз. Ошондуктан, биз бул кенемтени толтуруу үчүн Кыргызстанга Наманган облусунун Чуст жана Пап райондорундагы талаштуу Гавасай тилкесинен 12 709 гектар жайыт жерди сунуштадык. Биз алардын өздөштүрүлбөгөн 8 миң гектар жери үчүн 12 700 гектар жайыт бергенибиз туура. Учурда чек ара маселелерин чечүүдө 1 гектар суулуу жер үчүн 2,5 эсе көп гектар жайыт берүү тажрыйбасы колдонулуп жүрөт. Биз 19,5 миң гектар жердин ордуна аларга жалпы 13, 79 миң гектар жайыт сунуштадык",-деди Арипов.

Өзбек өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, Наманган облусунун Касансай жана Чуст райондорун сугарган Касансай (Орто-Токой) суу сактагычы Кыргызстандын 850 гектар жерин ээлейт. Бирок суу сактагыч толук Өзбекстан үчүн иштейт. Ушундан улам Кыргызстанга кенемте катары Наманган облусунан 477 гектар жер сунушталды. Анын ичинен 105 гектар жер учурда Кыргызстандын жарандары жашап жаткан талаштуу Каракоргон массивинен кетет (сөз Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылы тууралуу болуп жатат -ред).

Мындан тышкары, 10 тилке боюнча Кыргызстан Өзбекстанга 429 гектар жер берет. Анын ордуна Өзбекстан өрөөндөрүнөн 294 гектар жер бермек болду. Бирок азырынча бул кайсы жерлер экени белгисиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...