11:59, 2022-ж., 11-ноябрь

Жо Байден Си Цзинпин менен жолугат

Жо Байден Си Цзинпин менен жолугат

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Балиде өтө турган "Чоң жыйырманын" саммитинде, жыйындан тышкары жолугушат. Бул тууралуу Ак үй маалымдады.

Бул эки ири державалардын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу.

Дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу жыйырма өлкөдөн турган G20 тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония, Мексика жана башка мамлекеттер бар. Топтун бул жолку жыйынына Орусиянын президенти Владимир Путин катышпай турганы 10-ноябрда маалым болду.

Си Цзинпин 23-октябрда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчылык кызматына үчүнчү ирет шайланган.

Жо Байден АКШ президенттигине 2021-жылы шайланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...