14:08
-ж., 29-февраль
Баткен облусуна мамлекттик казынадан 4,1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу облусту калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун маалыматында Баткенге жалпы 6-8 млрд сом бөлүү пландалган. Буга чейин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга 250 млн сом, турак-жайларды курууга 1 млрд сом, жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого 300 млн сом каржыланды.
Ошондой эле, президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330 миллион 75 миң сом жардам катары түштү. Анын 138 миллион 4 миң сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилгени маалымдалды.
Комментарийлер