Баткен: Капчыгай айылында курулуш иштери кечеңдеп жатат

Баткенде күйүп кеткен Капчыгай айылын куруу иштери кечеңдеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов, бүгүнкү жыйында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөттөн каражат бөлүнгөнү менен куруу иштери дагы деле баштала элек.
«Баткендеги акыркы окуяда талкаланган Капчыгай айылында 1 ай болсо да эч кандай иш жок. Акча бөлүнгөн. Бообек деген жаран айылды калыбына келтирүү иштерин подрядчы катары утуп алыптыр. Ал андан кийинкилерге берип жатыптыр. Сүйлөшүп бүтүшө элек экен. Ошондуктан куруу иштери кечеңдеп атыптыр. Ошону карап көзөмөлгө алгыла», — деди Айжигит Султанбаев.
Президент 14-17-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштары толук калыбына келтириле турганы айтылган.
Үйлөр белгиленген мөөнөтүндө аяктап, документтери курулуш иштери аягына чыгары менен жашоочуларга акысыз берилмек болгон.
Ошондой эле, аталган эки айылдын деталдуу планын иштеп чыгууга, турак-жайларды курууга каражатты жергиликтүү бийликке бөлүп берүү тапшырмасы Каржы министрлигине берилген.
Комментарийлер