• Башкы бет
  • Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүсүүнө тыюу салынды
14:27, 2022-ж., 26-октябрь

Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүсүүнө тыюу салынды

Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүсүүнө тыюу салынды

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, чектөө бүгүн, 26-октябрда саат 11:40тан тартып киргизилди, аба ырайы жакшырганга чейин уланат.

Маалыматка ылайык, ашууда кар бурганактап жаап жатат. Транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын министрлик маалымдады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...