• Башкы бет
  • Абшыр-Ата эс алуу жайындагы 4 гектар жер мамлекетке кайтарылды
14:58, 2022-ж., 24-октябрь

Абшыр-Ата эс алуу жайындагы 4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Абшыр-Ата эс алуу жайындагы 4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ноокатта мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен Абшыр-Ата эс алуу жайындагы 4,05га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, Төрөбай Кулатов айыл аймагынын «Абшыр-Ата» эс алуу жайына караштуу 4,05 га жер тилкеси айыл өкмөттүн кызмат адамдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан жер тилкесине мыйзамсыз берилген документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыздар келтирилген. Жыйынтыгында алар соттун күчүнө кирген чечимдери менен жараксыз деп табылган.

Мындан сырткары, прокуратура тарабынан Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө прокурордук талап келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 24 млн 200 миң сомду түзгөн жер тилкеси айыл өкмөттүн жер балансына кабыл алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...