Чек ара: кыргыз-тажик чек ара кызматынын башчылары жолукту

Иллюстрациялык сүрөт
Чек арадагы буга чейинки сүйлөшүүлөрдү бекемдөө максатында 21-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали жолугушту. Анда алар чек арадагы абалды курчутпоо үчүн өз убагында чара көрүү керектигин, чек арачылар белгиленген сызыкта гана болуусу зарыл экенин белгилешкен.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө эки өлкө биргелешкен билдирүү таратканы, тараптардын аракеттеринин натыйжасында кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экени айтылат. Шаршеев менен Рахмонали жолугушууда аймактык бүтүндүк маселелеринде тилектештик жана ынак коңшулук боюнча принциптерин сактоого умтулуу бар экенин бекемдешкен.
«Кыргызстан менен Тажикистандын Чек ара кызматтары макулдашууну сактоо жана бекемдөө үчүн чек арадагы абалды турукташтырууга активдүү катышып жаткан биргелешкен жумушчу топтордун жолугуусун байма-бай өкөрүп турууну чечишти. Тараптар расмий эмес, чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү чек арадагы кырдаалды күчөтүү аракети катары баалай турганы айтылган. Буга байланыштуу алар жалпыга маалымдоо каражаттарын жана ыйгарым укугу жок адамдарды эки элдин ортосунда чагым сала турган, жаңжалдын чыңалышына түрткөн билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырышты», -деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер