• Башкы бет
  • Ош шаарында бош иш орундардын жарманкеси өттү
15:25, 2022-ж., 19-октябрь

Ош шаарында бош иш орундардын жарманкеси өттү

Ош шаарында бош иш орундардын жарманкеси өттү

18-октябрда Ош шаарында жумуш жана кесиптер жарманкеси өттү. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөн иш-чарага жумуш издегендер, ошондой эле жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов бул иш-чарага катышып, жарманке жумуш берүүчүлөр менен иш издегендердин көйгөйүнүн чечилүүсүнө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Жарманкеге 50 ишкана чакырылып, анда өнөр жай, курулуш, тейлөө, туризм жана консалтинг тармагындагы 500 бош иш орундар көрсөтүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...