• Башкы бет
  • Баткенде эки кишинин өлүмү боюнча күнөлүүлөр изделүүдө
14:55, 2022-ж., 19-октябрь

Баткенде эки кишинин өлүмү боюнча күнөлүүлөр изделүүдө

Баткенде эки кишинин өлүмү боюнча күнөлүүлөр изделүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунда белгисиз жарандар 61 жаштагы тургунду жана анын 29 жаштагы уулун атып кенткен. Ошондой эле, 59 жаштагы жубайы сабалган. Бул тууралуу 19-октябрда «Т-Медиа» басылмасы Баткендеги кабарчысы жеринен билдирди, деп жазды.

Окуя кечээ, 18-октябрда саат 22:30дар чамасында болгон.

Алгачкы такталган маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын үйүнө белгисиз жарандар кирип, эс алып жаткан тургунду көкүрөгүнө жана бетине, анын уулун башына аткан. Жубайынын башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп качып кеткен. Ок тийген тургун жана анын уулу окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун жубайы Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда каза болгон жарандар жерге берилип жатат.

Бул факт кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...