• Башкы бет
  • ӨКМ тик учакты жеке жактар ижарага алганы боюнча түшүндүрмө берди
15:49, 2022-ж., 18-октябрь

ӨКМ тик учакты жеке жактар ижарага алганы боюнча түшүндүрмө берди

ӨКМ тик учакты жеке жактар ижарага алганы боюнча түшүндүрмө берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мекемеге таандык тик учакты жеке жактар ижарага алганы боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторовдун "Азаттыкка" билдиргениндей, ӨКМ тик учакты коммерциялык максатта колдонууга укуктуу.

"Тик учактын ижара акысы саатына 2300 АКШ доллары. Ал камсыздандырылган. Мындан тышкары кокустук болуп, ӨКМдин тик учактын кулашынан башка обьектилер жабыркачу болсо, алар дагы ушул камсыздандыруунун алкагында калыбына келтирилет", - деди ӨКМдин басма сөз катчысы.

Токторовдун айтуусунда, тик учак техникалык талаптар боюнча мезгил-мезгили менен абага көтөрүлүп турушу керек. Ушундан улам министрлик аны коммерциялык максатта ижарага берип турууну чечкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...