• Башкы бет
  • Карим Бензема "Алтын топтун" ээси болду
15:46, 2022-ж., 18-октябрь

Карим Бензема "Алтын топтун" ээси болду

Карим Бензема "Алтын топтун" ээси болду

Мадриддин "Реал" жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема 2021-2022 сезонунун жыйынтыгында "Алтын топту" жеңип алды. Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 18-октябрга караган түнү Парижде өттү.

Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Бенземанын командалашы, "Реалдын" дарбазачысы Тибо Куртуа алды.

Ошондой эле "Барселонанын" жарым коргоочусу Гави жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. Мурда "Баварияда" ойногон чабуулчу Роберт Левандовски мыкты чабуулчу болду.

"Барселонанын" жарым коргоочусу Алексиа Путеллас аялдар арасындагы "Алтын топту" экинчи жолу катары менен жеңип алды.

Англиялык "Манчестер Сити" сезондун мыкты командасы деп табылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...