• Башкы бет
  • Орусия менен Украина туткундарды алмашты
15:38, 2022-ж., 15-октябрь

Орусия менен Украина туткундарды алмашты

Орусия менен Украина туткундарды алмашты

Орусия менен Украина 20дан туткундарын алмашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Андрей Ермак билдирди.

Анын айтымында, бошотулган украиналыктардын арасында 14 аскер кызматкери, аймактык коргонуу топторунун төрт мүчөсү, Улуттук гвардиянын бир жоокери жана деңиз күчтөрүнүн бир аскери бар.

Туткундардын бир бөлүгү оккупацияланган Донецк облусунда кармалып турса, башкалары Запорожье жана Херсон облустарынын аймагында болушкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул алмашууну ырастап, бирок башка маалымат берген жок.

Тараптар акыркы жолу 11-октябрда туткундарды алмашканы кабарланган. Анда украин тарап 32 киши бошотулганын, ошондой эле израилдик Дмитрий Фиалканын сөөгүн алганын билдирген.

Буга чейин Орусия менен Украина 22-сентябрда ири алмашуу өткөрүшкөн. Анда Киев 215 кишини, анын ичинде «Азов» батальонунун жоокерлерин алып, ордуна орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукту жана 55 аскер кызматкерин өткөрүп берген. Бул алмашууга Түркия ортомчу болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...