15:33, 2022-ж., 15-октябрь
Кышкы дөңгөлөгү жок кичи автобустарга Бишкек-Ош автоунаа жолунда жүрүүгө тыюу салынды

15-октябрдан тартып дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырбаган кичи автобустарга, минивэндерге Бишкек - Ош унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, мындай тыюу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында салынган. Бул чечим 2023-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот.
Башкармалык жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыкпоого чакырды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
11:30
-ж., 18-март
11:28
-ж., 18-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер