• Башкы бет
  • "Алай" клубунун жаш өспүрүмдөрү республикалык мелдештин жеңүүчүсү болушту
15:32, 2022-ж., 12-октябрь

"Алай" клубунун жаш өспүрүмдөрү республикалык мелдештин жеңүүчүсү болушту

"Алай" клубунун жаш өспүрүмдөрү республикалык мелдештин жеңүүчүсү болушту

11-октябрда футбол боюнча республикалык чемпионатта биринчи орунга ээ болгон “Алай” ФКнын U-14 (2008-жылы туулган) жана 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган U-15 (2007-жылы туулган балдар) курама командаларын жеңиши менен куттукташты.

Аларды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жеңиши менен куттуктап, бул жыйынтыкка жетүүдөгү машыктыруучулардын эмгегин, балдардын аракетин, ата-энелердин кошкон салымын белгилешти. Иш-чарага Балдар футбол лигасынын машыктыруучусу Айбек Татанов, машыктыруучу Замир Далашев да катышты.

Эске салсак, 3-октябрдан 6-октябрга чейин Кант шаарында Жогорку лиганын 14 жашка чейинки жаштар командалары арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын финалдык этабы болуп өттү. Жыйынтыгында “Алай” футбол клубунун тарбиялануучулары 7 упайга ээ болуп, быйылкы сезондо республиканын чемпиону болушту.

Кошумчалай кетсек, турнирдин жыйынтыгы боюнча жеке номинациялар боюнча да мыктылар аныкталды. Мыкты машыктыруучу деп Айбек Татанов (“Алай”), “Мыкты чабуулчу” Кутман Назаралиев (“Алай”), “Мыкты оюнчу” деп Айдар Алтынбеков (“Алай) табылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...