• Башкы бет
  • Бишкекте жасалма акчаларды сатууга аркет кылган жарандар кармалды
15:12, 2022-ж., 12-октябрь

Бишкекте жасалма акчаларды сатууга аркет кылган жарандар кармалды

Бишкекте жасалма акчаларды сатууга аркет кылган жарандар кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчаны сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүүлөр ал акчага криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөшкөн.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси ("Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Быйыл жазында АКШ долларына суроо-талап кескин күчөгөн кезде валюта рыногунда жасалма банкноттор пайда болуп жатканын Улуттук банк маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...