• Башкы бет
  • Ошто эки коомдук тамактануучу жайдын электр жарыгы жана суусу өчүрүлдү
14:15, 2022-ж., 11-октябрь

Ошто эки коомдук тамактануучу жайдын электр жарыгы жана суусу өчүрүлдү

Ошто эки коомдук тамактануучу жайдын электр жарыгы жана суусу өчүрүлдү

Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү эки коомдук тамактануучу жайдын – “Лаваш центр” (Шакиров/128) жана “Семейный” (Шакиров/123.125) электр жарыгы жана суусу мэриянын атайын комиссиясы тарабынан өчүрүлдү. Ошондой эле борбордук канализацияны да колдонууга тыюу салынды.

Бул иштер бардык тиешелүү кызматтардын катышуусунда жүргүзүлүүдө.

“Лаваш центр” тамактануу жайынын тиешелүү архитектуралык уруксат кагаздары жок.

Учурда реконструкциялоо жана кошумча имарат куруу иштери жүрүп жаткан “Семейный” кафесинин мурунку имаратынын да архитектуралык уруксат кагаздары толук эмес.

Мындан тышкары, “Семейный” кафесинин эски имаратынын жанында тротуарга орнотулган мыйзамсыз тосмону бузуу иштери жүргүзүлдү. Бул тосмо электр мамыларына тоскоолдук жаратып, тиешелүү нормаларды бузуп, муниципалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...