• Башкы бет
  • Кыргызстанда сегиз айдын ичинде жол кырсыгынан 379 адам каза болду
13:45, 2022-ж., 8-октябрь

Кыргызстанда сегиз айдын ичинде жол кырсыгынан 379 адам каза болду

Кыргызстанда сегиз айдын ичинде жол кырсыгынан 379 адам каза болду

Быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстанда жол кырсыгынан 379 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбеков өкмөттө жол коопсуздугуна байланыштуу жыйында билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда маалымдады.

Министрдин айтымында, жалпысынан бул убакыт аралыгында өлкөдө 4284 жол кырсыгы катталып, 6651 адам жараат алды. Былтыр январдан августка чейинки мезгилде 552 адам каза болуп, дагы 7215 адам жараат алган.

Жыйында жол кырсыктарын азайтуу маселеси талкууланып, тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

ИИМдин маалыматына караганда, жол кырсыктарынын түрлөрү боюнча биринчи орунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү, машиналардын кагылышуусу, оодарылып кетүүсү кирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...