Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы аллея оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Бүгүн мэр Алмаз Мамбетов реконструкциялоо иштери менен таанышып, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Мында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы курулуп, отургучтар орнотулат. Ошондой эле жарыктандыруу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Оңдоп-түзөө иштерин ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Комментарийлер