14:08
-ж., 29-февраль
5-октябрда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алыш күрөшү боюнча алтын медалынын ээси Эльзада Момунжанованы салтанаттуу тосуп алышты.
Ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондун жакындары катышты. Чогулгандар чемпионду 1-орунга ээ болушу менен куттукташты.
Эльзада Момунжанова 55 кг салмакта чыгып, жеңишке жетүү жолунда Монголиянын, Түркмөнстандын, Азербайжандын спортчуларын, финалда Ирандын спортчусун жеңген.
Комментарийлер