• Башкы бет
  • Оштун мэри тротуарлардын курулуш иштери менен таанышты
15:08, 2022-ж., 6-октябрь

Оштун мэри тротуарлардын курулуш иштери менен таанышты

Оштун мэри тротуарлардын курулуш иштери менен таанышты

5-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте тротуарларды куруу иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Калаа башчы Курманжан-Датка көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин ыргагы менен таанышып, капиталдык оңдоодон өткөн Бакыт үйүнүн имаратына барды.

Ошондой эле Королев, Төрөбек Абакир уулу, Масалиев көчөлөрүндөгү тротуарлардын курулушу, Исанов көчөсүндөгү ички жолдорду асфальттоо иштеринен кабар алды. Аны менен катар Юнусов көчөсүнө төшөлгөн тротуарды көрдү. Аны реконструкциялоону шаардык кеңештин депутаты Алмаз Иминджанов өз каражатынын эсебинен жүргүзгөн.

А.Мамбетов аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштерин тездетүүнү тапшырды. Тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана адистерине тротуардын айланасындагы курулуштарды тактап, уруксатсыз орнотулгандар болсо мыйзам чегинде чара көрүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Абакир уулу Төрөбек (3 бөлүк), Заднепровская, Аматов, Арзыкулов, Салиев, Осмонов, Төлөнов көчөлөрүндөгү, Анар кичи районунун квартал ичиндеги тротуарларды куруу иштери аяктаган.

Учурда Масалиев (2 аймакта), Курманжан-Датка, Ленин, Краснофлотская, Байтемиров, Урицкий, Королев, Авиценна көчөлөрүндө, Амир-Тимур кичи районундагы №177 көчөсүндө курулуш иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...