Атайын тема
Чек арадагы кырдаал: бул рубрикадан Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттердин чек араларындагы соңку окуялар менен таанышсаңыз болот - Таджикистан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай
Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарына таандык 12 жылкыны жана эки автоунааны өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук акимчиликтен кабарлады, деп жазат "Азаттык".
Маалыматка караганда, эки тараптын милициясы бул багытта иштеп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.
Комментарийлер