14:53, 2022-ж., 6-октябрь

Аба ырайы: күн жылыйт

Аба ырайы: күн жылыйт

7-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондоунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...