14:50, 2022-ж., 6-октябрь

Crew Dragon космоско учурулду

Crew Dragon космоско учурулду

Илон Масктын Space X корпорациясынын Crew Dragon космос кемеси шаршембиде Канаверал космодромунан учурулду. Төрт кишиден турган экипаждын курамында орусиялык Анна Кикина да кошулду. Орусиянын өкүлү ушуну менен бул кемеде биринчи жолу космоско жөнөдү. Бортто Кикинадан тышкары АКШнын жана Япониянын астронавттары бар.

Кеме 10 мүнөттөн кийин орбитага чыкты. Эми Эл аралык космос станциясына туташмакчы.

Быйыл июлда “Роскосмос” жана НАСА орусиялык үч космонавт Crew Dragon менен, америкалык ушунча эле астронавт “Союз” кемеси менен Эл аралык космос станциясына барат деген келишимге кол койгон. 21-сентябрда "Союз" менен Байконурдан Орусиянын жана АКШнын өкүлдөрү космоско аттанган.

Москва Украинага каршы согуш ачкандан кийин Вашингто жана Батыш өлкөлөрү орус космонавтикасына санкция салган жана буга чейин иштеп жаткан долбоорлордон баш тарткан. Апрелде “Роскосмос” агенттигинин ошол кездеги башчысы Дмитрий Рогозин санкциялардын Эл аралык космос станциясынын ишине залакасы тийбесин айткан. Сөз болгон эки тараптуу макулдашуу дал ушул станциясынын программасынын алкагында кабыл алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...