15:49, 2022-ж., 5-октябрь

5-октябрь: Бүгүн Ош шаары 3022 жашта

5-октябрь: Бүгүн Ош шаары 3022 жашта

Ош шаары Кыргызстандагы республикалык деңгээлдеги эки шаардын бири болуп саналат. Ошондой эле, бул шаарды «Түштүк борбор» деп да атап жүрүшөт. Расмий маалымат боюнча, 2022-жылдын башында 333 миң 629 адам катталган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош шаарында жарым миллиондон ашык адам жашары айтылып келет.

Ошто жалпы 85 мектеп, 47 мамлекеттик, 37 жеке менчик бала бакча бар. Бул калаа 2003-жылы республикалык маанидеги шаар макамын алган. 21-кылымдын башынан бери 5-октябрь-Ош шаарынын күнү катары белгиленип келет.

Географиясы

Ош шаары Фергана өрөөнүнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан.

Шаардын так ортосунан Ак-Буура дарыясы агып, жака белинде Сулайман-Тоосу асман тиреп турат. Калаа тээ илгертен эле Улуу жибек жолунун томунда, Батыш менен Чыгышты бириктирген маанилүү аймактардын бири катары саналып келген.

Тарыхы

Б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. 8–10-к. Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган. Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол.

Ош шаардык мэриясы 5-октябрь-Ош шаарынын күнүн белгилөөнү  Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу токтоткон

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...